Сириядагы жаатташкан тараптарды элдештирүү борборунун башчысы Сергей Чварковдун айтымында, америкалык тарап бул боюнча маалымдар.
Шейшембиде Сириядагы өкмөттүк САНА агенттиги Алеппонун калктуу конуштарын көтөрүшчүлөр уулуу ракета менен аткылашканын кабарлады. Сирия оппозициясы химиялык чабуулду президент Башар Асад режими жасады деген пикирде.
Ушул эле күнү Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби Вашингтон Сириянын Саракеб шаарына уулуу газ менен контейнерлер түшүрүлгөнүн иликтеп жатканын билдирди. Бул боюнча маалымат “Сириялык жарандык коргонуу” тобунун ыктыярчыларынан түшкөн. Алардын айтымында, уулуу газдын кесепетинен 33 жай тургун өлгөн. Бул орусиялык тик учак атып түшүрүлгөн райондо болгон.