Уюмдун маалыматы боюнча июнда Украинанын чыгышында 12 жай тургун мерт кетип, дагы 57си жарадар болду. Июлда кагылышуу 8 адамдын өмүрүн алса, 65 киши жаракаттарды алды. 2014-жылдын апрелинен тарта Донбасста 9500дөй адам өлүмгө учурады. Алардын эки жарым миңи – жай жашоочулар. Курман болгондордун көпчүлүгү артиллериядан өлтүрүлгөн. Замбиректерди колдонууга 2014-жылдын сентябрында кабыл алынган Минск келишиминде тыюу салынган болчу.
Эки жума мурун БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгы өз баяндамасын жарыялап, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда адамдар жоголуп жана каза болуп жаткан учурларды белгилеген. Документте айтылгандай, бул учурлардын көпчүлүгү аскерий кылмыш катары бааланышы мүмкүн.
Донбасстагы араздашуу 2014-жылдын жазында Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Киев жана Батыш өлкөлөрү жикчилдерге куралдан көмөк көрсөтүүдө деп Орусияны айыптап келет. Кремль болсо бул дооматтарды четке кагууда.