Ссылки доступа

Ташкенттин аба майданында казакстандык жигит дайынсыз жоголуп кетти


Uzbekistan - Vohid Niyozov, Uzbek iz Kazakhstan, arrested in Tashkent airport
Uzbekistan - Vohid Niyozov, Uzbek iz Kazakhstan, arrested in Tashkent airport

Казакстандын Сайрам шаарынын тургуну, 27 жашар Вохижон Ниязов 28-июлда Түштүк Кореядан келип Ташкенттин аэропортуна конгондон кийин дайынсыз жоголуп кетти.

Анын туугандарынын айтымында, Вохижонду сакалы узун болуп, телефонунда диний материалдар бар болгону үчүн Өзбекстандын атайын кызматтары кармап кетти.

Жоголуп кеткен казакстандык жигиттин жакындары алты күндөн бери анын кайда жүргөнү боюнча так маалымат ала албай жүрүшөт. Аэропортто Ниязовдун жанында жүргөн казак жарандары ал сакал койгону менен эч кандай тыюу салынган диний агымдарга катышчу эмес деп билдиришүүдө. “Аны өзүнчө бир бөлмөгө алып кирип кетишкен. Бирок ал жактан Вохижон кайра чыккан жок”, - дейт Сайрамдын тургуну.

Айрым булактардын айтымында, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жигитти күчтөп машинеге салып, белгисиз багытта алып кетип калышкан.

Казакстандын Ташкенттеги элчилиги “Азаттык” радиосуна билдиргендей, аларда Вохижон Ниязовдун жоголгону боюнча эч кандай маалымат жок. Жаш жигиттин ата-энеси расмий түрдө кайрылгандан кийин гана аны издөө башталат. Вохижондун туугандары ал динчил эмес эле, эч кандай радикалдык агымдарга катышпайт деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG