Ссылки доступа

Бүгүн Рио-де-Жанейродо Олимп оюндарынын ачылышы өтөт


2016-жылдын Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 5-августта Рио-де-Жанейро шаарындагы “Маракана” стадионунда өтөт. CNN телекомпаниясы билдиргендей, оюндардын ачылышын дүйнөдө 3 миллиарддай киши көрөт.

Орусиянын Олимпиадалык комитетинин башчысы Александр Жуковдун айтымында, Эл аралык олимпиада комитетинен документтер келип түштү. Анда оюндарга 271 орус спортчусуна катышууга уруксат берилгени жазылган.

Алгач Орусиянын курама командасында 387 спортчу бар экени айтылган. Алардын ичинен 100дөн ашуун кишиге Олимпиадага катышууга тыюу салынды. Маселен, жеңил атлетика боюнча дээрлик бүт курамасы катышпайт.

Бейшембиде Рио-де-Жанейродо полиция Олимп отун шаарга киргизбөөгө аракет кылган адамдарды кууп жиберди. Нааразылык акциясына чыккан жүздөгөн киши от өтө турган шаардын түндүк бөлүгүндөгү көчөнү бууп салышкан. Полиция жаш агызуучу газ колдонду. Иш-чарага экономикалык каатчылык болуп турганда Олимпиадага чоң чыгымдар кетип жатканына нааразы жарандар чыкты.

Олимп оюндары 5-августтан 21ине чейин өтөт.

XS
SM
MD
LG