Орусиянын тик учагы 1-августта оппозиция көзөмөлдөп турган Идлиб аймагында түшүрүлгөн. Ичиндеги бардык беш адам мерт кеткен. Орусия 2015-жылдын сентябрында Сириядагы аскерий операциясын баштагандан бери бул орус бийлиги расмий тааныган эң чоң жоготуу болду.
Сөөктөрдү барымтадагы адамдарга алмаштыруу талабын өзүн Туткундар иштери боюнча башкы фонд деп атаган топ жарыялады. Ал Башар Асаддын өкмөтү менен Ливандагы өнөктөшү “Хезболлах” шиит тобу барымтада кармап турган туткундардын бошотулушуна жетүүгө аракет кылууда.
Бул топ сөөктөрдүн ордуна канча туткундун бошотулушун жана алар кимдер экенин айткан жок.