Ссылки доступа

Тажикстанда теракттарды алдын алуу үчүн суюлтулган газ сатуу көзөмөлгө алынды


Тажикстандын аймактык милиционерлери суюлтулган газ жана кычкылтек сатуучу жайлардын ээлеринен кардарлардын аты-жөнүн жана жашаган дарегин жазып алууну талап кылышууда.

Дүйшөмбү-Куляб жолунда суюлтулган газ сатып иштеген Шерали Кобилов “Азаттык” радиосунун тажик кызматына айтып бергендей, бул талап 5тен 50 литрге чейин газ сатып алып жаткандарга тиешелүү.

Тажик бийлиги акыркы эки жылда беш терактты алдын алганын билдирүүдө. Теракттарды “Ислам мамлекети” тобунун тарапташтары жасоого аракет кылганы айтылат. Алар суюлтулган газ жана кычкылтек куюлган баллондорду колдонуп, бир нече административдик имаратты, анын ичинде милиция бөлүмүн жардырууну көздөшкөн.

Шерали Кобилов кошумчалагандай, аймактык милиционерлер экиден көп баллон толтуруп жаткан сатып алуучулар жөнүндө кабар берип туруусун талап кылууда. “Бир ай мурун милиционер келип, көп көлөмдө газ сатып алып жаткандардын телефон номурларын жазып алууну суранган. Ай сайын алар келип, жазып жатканыбызды текшерип турат”, - деди Шерали Кобилов.

Тажикстандын ички иштер министрлиги буга байланыштуу эч кандай өзгөчө буйрук берилбегенин билдирүүдө. Бирок аймактык милиционерлерге ыйгарым укуктарынын алкагында кылмыштарды алдын алуу үчүн мындай иш-чараларды жүргүзүүгө тыюу салынбайт.

XS
SM
MD
LG