Ссылки доступа

Кыргызстанда терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор жарандыктан ажырайт


Терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон адамдар Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылат. Президент тийиштүү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Алмазбек Атамбаев административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш жана Кылмыш-жаза аткаруу кодексине, “Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө”, “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндө”, “КР жарандыгы жөнүндө” жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарына айрым өзгөртүүлөрдү киргизди. Аларга ылайык, терроризм үчүн соттолгон жарандардын жаза өтөө шарттары күчөтүлөт.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Сириядагы согуштук аракеттерге аралашып жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн көп. Алардын 70тен ашууну ошол жакта курман болушту.

XS
SM
MD
LG