Ссылки доступа

Орусия Паралимпиадага катышуудан четтетилди


Эл аралык паралимпиада комитети Орусия курамасын Бразилиядагы Паралимпиадага катышуудан толугу менен четтетти. Бул тууралуу комитет башчысы Филипп Крейвен билдирди.

Мындай чечим Дүйнөлүк допингге каршы агенттигинин (WADA) орус спортунда кызытма колдонулгандыгы жөнүндөгү билдирүүсүнөн улам кабыл алынды.

Крейвендин айтымында, Сочиде өткөн кышкы Паралимпиадада орусиялык спортчулар анализдерин алмаштырып, көз боёмочулукка барышкан. Буга байланыштуу жакынкы убактарда комитет 2014-жылдагы оюндарга катышкан бардык паралимпиадачыларды тесттен кайрадан текшерип чыгууга ниеттенүүдө. Крейвендин пикиринде, Орусиянын антидопинг системасы "талкаланган, коррупциялашкан жана толугу менен абийири кеткен". Орусия Эл аралык паралимпиада комитетинин бул чечими боюнча даттанмай болду.

Июлда WADA Орусиянын допингге каршы лабораторияларындагы көз боёмочулуктар жөнүндөгү баяндамасын жарыялаган. Анда уюм ал иштерге өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тиешеси бар болгонун билдирген. Андан соң Эл аралык Олимпиада комитети менен спорттук федерациялар Рио-де-Жанейродогу Олимпиадага катышуудан 100гө чукул орусиялык спортчуну четтеттүү чечимин кабыл алган.

XS
SM
MD
LG