Ссылки доступа

Еревандагы баш аламандык үчүн сегиз адам айыпталууда


Сегиз киши Еревандын Сари Тах районунда 29-июлда болгон баш аламандыкты уюштурууга айыпталууда.

Алардын үчөө – “Наследие” оппозициялык партиясынын активисти, бирөө –"Новая Армения" кыймылынын мүчөсү. Алардын тарапташтары бийликти оппозицияны куугунтукка алууга күнөөлөп, массалык баш аламандык үчүн жоопкерчиликти полицияга жүктөөдө.

Оппозиция өкүлдөрү менен полициянын кагылышуусунда эки тарап тең жабыркаган. Бир нече журналист жаракат алган, алардын арасында “Азаттыктын” армян кызматынын кабарчылары да бар болчу.

Армян оппозициясы полиция имаратын эки апта кармап турган “Сесна црер” куралдуу тобун колдоо иретинде акция өткөрүүдө. Бир нече тартип сакчы барымтага алынып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кийин алар бошотулган. Өткөн жекшембиде куралдуу топ бийликке багынып берген болчу.

XS
SM
MD
LG