Ссылки доступа

ИМ тобу Ооганстандагы америкалык куралдарды тартып алганын билдирди


Орусияда жана башка бир канча өлкөдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» тобунун мүчөлөрү Ооганстандагы Американын куралдарын тартып алганын жарыялашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

ИМ тобу америкалык аскерлер тарабынан колдонулган гранаталардын, портативдүү ракеталык жабуулардын, радиостанциялардын жана башка техникалардын сүрөттөрүн жарыялашты. Ошондой эле сүрөттөрдө АКШ армиясынын жоокерлеринин биринин жеке документтери да бар.

Топтун мүчөлөрү аскерлер сүрөттөгү жабууларды согуштук операциялардын биринде жоготкондугун билдиришүүдө. Американын аскер жетекчилиги окуя качан жана кайсыл жерде болгонун аныктоого аракет кылып жатат.

Июлда АКШнын президенти Барак Обама 2017-жылга чейин Ооганстандын аймагында 8400 америкалык аскер кала турганын билдирген. Буга чейин контингентти беш миңге чейин азайтуу пландалып жаткан.

XS
SM
MD
LG