Ссылки доступа

Пакистанда теракттан 30га жакын адам каза болду


Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарынын ооруканасына кире бериш жердеги теракттан кеминде 30 киши курман болду.

Полиция буга чейин аткылоолордун жыйынтыгында мерт кеткен белгилүү жактоочу Билал Кашинин сөөгү ооруканага жеткирилгенден көп өтпөй жарылуу болгонун жана андан ондогон киши жаракат алганын билдирди.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

Тергөө иштери уланууда. 8-августта сотко баратканда аткылоого кабылган жактоочу Билал Кашинин өлүмүнүн артында ким турары белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG