Ссылки доступа

Рогундун жашоочусу 6-классында сакал өстүргөнү үчүн соттолду


Архивное фото
Архивное фото

Дүйшөмбү соту ушул жылдын мартында кармалган Рогун шаарынын 18 тургунун эркинен ажыратты. Алар 3,5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушту.

8-августта соттолгон жарандардын айрымдары "күч менен конституциялык түзүлүштү бузууга чакыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Раджабмурод Раджабов аттуу жаран 2009-жылы сакалын салафит стилинде өстүрүп алгандыгы үчүн беш жылга соттолду. "2009-жылы менин иним 6-класста окуган. Акыйкаттык кана? Физиологиялык жактан алтынчы класста сакал өстүрүүгө болбой тургандыгы баарына эле белгилүү да", - деди өкүмгө нааразы болгон бир тууганы.

Ал ортодо Дүйшөмбү соту Рогундун он сегиз жашоочусуна карата чыгарылган өкүмү боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок. Алар 3,5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилишти. Соттолгондордун бардыгы тең 20дан 35 жашка чейинки курактагылар. 10-мартта Тажикстандын Ички иштер министрлиги Рогундун бир катар жашоочусу экстремисттик топторго тиешеси бар деген айып менен кармалганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG