Окуя 8-августка оогон түнү болгон. Тойго келген кыргызстандык жаштар эки топко бөлүнүп мушташкан. Орусиянын полициясы билдиргендей, андан беш адам жабыркап, алардын бири белине ок жеген. Бирок жабыр тарткандардын баары алгачкы медициналык жардамды гана алышып, ооруканага жатуудан баш тартышкан. Москванын түштүк тарабындагы кафелердин биринде өткөн тойдогу мушташ келин менен күйөөнүн туугандарынын кайым айтышуусунан чыкканы кабарланууда.