Ссылки доступа

Трамп Өзбекстанды террордук өлкөлөрдүн катарына киргизди


Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Өзбекстанды террористтик өлкөлөрдүн катарына киргизди. Бул тууралуу  «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жазды. Трамп 4-августта Мэн штатынын Портленд шаарындагы жыйында сөз сүйлөгөн.

Трамп бардык чет өлкөлүк мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салгысы келип жатканын айтты. Буга чейин ал терроризмдин деңгээли жогору болгон өлкөлөрдүн жарандарынын келишине бөгөт коюу чакырыгын айтып, «мусулман» сөзүн колдонуудан баш тартууну чечкен.

Трамп АКШга мыйзамдуу түрдө келип, бирок кийин «америкалыктарды өлтүргүсү келген» иммигранттардын бир нечесин мисал келтирди. Алсак, ал террорчул уюмдарга колдоо көрсөткөндүгү жана мыйзамсыз жарылуучу зат сактагандыгы үчүн 25 жылга кесилген өзбекстандык Фазлиддин Курбановду эске салды. Ошондой эле Трамп Бостондогу терактты жасоого күнөөлүү деп табылган бир тууган Царнаевдер жөнүндө да айтты.

Трамп Өзбекстан (ошол эле маалда ал чогулгандардан аталган өлкөнүн кайсыл жакта жайгашканын сурады), Сомали, Марокко, Сирия, Ооганстан, Филиппин, Ирак, Пакистан жана Йемендин жарандарын АКШда кабыл алууну каалабай турганын жарыялады.

«Биз бул жерге террористтик өлкөлөрдөн келген адамдардын кирүүсүнө уруксат бердик, андай кылууга болбойт, анткени аларды силер текшере албайсыңар. Келгендердин канчалык деңгээлде ишеничтүү экенин аныктоого мүмкүн эмес. Силерде алар тууралуу маалымат жок. Алар көптөн бери чоң троян аты болушу мүмкүн»,-деди Трамп.

XS
SM
MD
LG