Ссылки доступа

Бөтөн документ менен кызын Кыргызстанга алып өтүүгө аракеттенген казак келин кармалды


Казакстан жараны башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, кичинекей кызын Кыргызстандын аймагына алып  өтүүгө аракет кылды. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча ал 8-августта кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү бекетинде кармалган. 23 жаштагы Л. Ш. аттуу жаран чоңураак курактагы кыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, бирок чек арадан андан кичинекей кызы менен өтүп бара жаткан.

Кармалган жарандын айтымында, ал беш айлык кызынын документтерин улуу кызыныкы менен алмаштырып алган.

Протокол толтурулгандан кийин аял милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG