«Орус-түрк мамилелеринде жаңы барак ачылат. Бул аскердик багытты, экономика жана маданият жаатындагы кызматташтыкты камтыйт», — деди Эрдоган ТАСС агенттигине берген маегинде.
Эки өлкөнүн мамилеси былтыр сентябрь айында түрк тарап орусиялык аскердик учакты атып түшүргөндөн кийин кескин солгундаган. Орусия буга жооп иретинде экономикалык санкцияларды киргизген. Биринчи жарым жылдыкта Түркиядагы орус туристтеринин саны 87 пайызга кыскарган.
Эки президенттин жолугушуусу аскердик төнкөрүш аракетинен кийин Анкара менен Батыштын ортосундагы мамиленин чыңалуу учуруна туш келди. Анкаранын пикиринде, Батыш тополоңдун өзүнө эмес, андан кийин Түркия көрүп жаткан чараларга көбүрөөк кабатыр болууда.