РИА Новости басылмасынын маалыматы боюнча Жонас олимпиадалык кыштакчадагы мейманкана кызматчыларынын бирин азгырууга аракет кылып, сексуалдык кызмат көрсөтүүсү үчүн ага акча сунуштаган.
Бирок кыз 22 жаштагы мушкердин сунушун кабыл албастан, анын бөлмөсүнөн качып чыгып, полицияга кайрылган.
Жуниос 2016-жылкы Олимпиада оюндарына ушул жумада катыша башташы керек болчу.
Бул спортчулар олимпиадалык кыштакчада сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарга шектелген алгачкы учур эмес. Буга чейин полиция тарабынан эки мейманкана кызматчысына асылууга айыпталып марокколук мушкер Хассан Саади кармалган.