Кыргызстан 2012-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогору Нарын ГЭСтер каскадын Орусия менен куруу боюнча келишим түзгөн. Бирок Москва келишимди аткарууну ар кандай себептер менен создуктургандыктан быйыл жыл башында кыргыз өкмөтү Орусия менен келишимди денонсациялоо чечимин кабыл алган.
Буга кошумча Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга даярдык иштерин жүргүзүүдө аткарылган жумуштардын ашкере кымбат кылып көрсөтүлгөнү боюнча чыр чыккан. Муну депутаттык комиссия иликтеп, “РусГидро” ишканасы тарабынан коррупциялык ишке жол берилген деген корутундуга келген.