Ссылки доступа

Рахмон: Тажикстандагы мөңгүлөрдүн үчтөн бири эрип кетти


Акыркы бир нече жылдан бери Тажикстан климаттын өзгөрүшүнөн, өзгөчө мөңгүлөрдүн эришинен терс натыйжаларга туш болуп жатат. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Суу менен санитарияга жетүүдөгү жетишкендиктер» аталышындагы эл аралык жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Акыркы он жылда Тажикстандын мөңгүлөрү көлөмүнүн дээрлик 30% жоготту жана бул көрүнүш токтобостон уланууда, - деп белгиледи Рахмон. Анын айтымында, аталган мезгил аралыгында континенталдык ири Федченко мөңгүсү 2 чарчы чакырым көлөмүндөгү муздан ажыраган.

«Ошол эле маалда суу тартыштыгынан улам быйыл аймактын башкы дарыялары эсептелген Амударыя менен Сырдарыядагы суу көлөмүнүн 30% чейин азайгандыгы байкалууда. Бул өлкөлөрдү суу менен камсыз кылуу жараянына чоң таасирин тийгизип жатат», - деп белгиледи Рахмон.

Буга чейин Тажикстандын гидромет кызматынын өкүлдөрү мөңгүлөрдүн эриши менен катар он жыл сайын болуп турчу алардын ордунан жылуусу да байкалып жатканын белгилешкен.

Президенттин айтымында, мындай шартта суу ресурстарын биргелешип башкаруу бардык деңгээлдеги суу кызматташтыгынын жакшырышы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

XS
SM
MD
LG