Ссылки доступа

Камактан чыгууну күткөн казак оппозиционери туулган күнүн абакта белгиледи


Оппозициячыл саясатчы Владимир Козлов мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн, бирок жакынкы убакта эркиндикке чыга тургандыгына 100 пайыз ишене албайт.  Бул тууралуу аны менен абакта жолуккан соң жубайы  Алия Турусбекова "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Турусбекованын айтымында, Владимир Козловду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү соттун 4-августтагы токтомун прокуратура кайра карап чыгууну талап кылышы мүмкүн. Эгер соттун өкүмү боюнча апелляциялык тартипте даттануу болбосо, анда ал 19-августта күчүнө кирет.

Эки саатка созулган жолугушуудан кийин Алия Турусбекова оппозициялык «Алга» партиясынын мурдагы лидери Владимир Козловдун абалы жана маанайы жакшы экенин айтты. Турусбекова ага тамак-аш, кийим алып барган. Жолугушуу Козловдун туулган күнүндө болду, бүгүн ал 56га чыкты.

Күндүн экинчи жарымында Козлов кармалып турган Алматы облусунун Заречный айылындагы абактын дарбазасына анын тарапташтары келип, оппозициячыл саясатчыны туулган күнү менен куттукташары күтүлүүдө.

Владимир Козлов Жаңы-Өзөн окуяларында социалдык жаңжалды козуткан деп айтыпталып, 2012-жылы жети жарым жылга кесилген. Козловдун өзү менен анын тарапташтары айыптоолордун саясий кызыкчылыктан улам тагылганын айтышкан. Бирок казак бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG