Күбөлөрдүн маалыматтары боюнча автобус баскетбол оюндары өткөн жерден башкы олимпиадалык сейил багына бара жаткан. Олимпиадалык объектилердин ортосундагы жолдо эки ирет ок атылып, анын жыйынтыгында автобустун айнектери талкаланган.
Чачыраган айнек сыныктарынан эки киши жеңил жараат алды. Азырынча Бразилия полициясы бул окуя боюнча эч кандай маалымат берген жок.
6-августта Олимп оюндардын алкагында ат спорту боюнча мелдештер өтчү жерден алыс эмес жайгашкан маалымат борборунун чатырына ок тийген.