Ссылки доступа

Дүйшөмбү менен Кабул чек арадагы маселени талкуулашты


Ооганстан президентинин улуттук маселелер боюнча кеңешчиси Мухаммад Ханиф Атмар 10-августта Дүйшөмбүгө келди. Ушул эле күнү аны Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.

Сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Терроризм, экстремизм маңзат аткезчилигине каршы биргеликте күрөшүү жана мамлекеттер аралык чек араны коргоо системасында эриш-аркак кызматташууга өзгөчө басым жасалды.

Быйыл тажик-ооган чек арасында 17 куралдуу кагылышуу болуп, мыйзамды бузган 8 киши өлтүрүлдү. “Түндүк маршурт” аталган 1400 чакырымга созулган тажик-ооган чек арасында аткезчилер маңзаттарды Борбордук Азиянын жана Орусиянын көмүскө базарында соодалайт.

Акыркы убакытта Тажикстан менен чектешкен ооган провинцияларында талиптердин жана башка экстремисттик топтордун таасири артып баратат.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши президенттин кеңешчисинин сапары тажик кесиптешинин чакыруусу менен болгонун билдирди. Бул өлкөдөгү жолугушуулары бүткөндөн кийин Ханиф Атмар Кыргызстанга келет.

XS
SM
MD
LG