Ссылки доступа

Астана Apple менен Googleдун кызматтарына салык киргизүү мүмкүндүгүн кароодо


Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитети өлкөдө Apple жана Google системаларынын платформасында ишке ашырылган электрондук каржы операцияларына салык киргизүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу комитет башчысы Даулет Ергожин билдирди.

Анын айтымында, аталган платформалар аркылуу ишке ашырылган соода операцияларынын көлөмү кыйла чоң жана мамлекет андан бюджетке киреше алышы керек. Ал компания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү күзүндө өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Чет өлкөлүк интернет-компаниялар тарабынан Орусиянын аймагында көрсөтүлгөн электрондук кызматтарга кошумча нарк салыгын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Орусиянын Федерация кеңеши тарабынан июнда жактырылган.

Мыйзам орусиялык колдонуучулар тарабынан чет өлкөлүк интернет-компаниялардан алынган программалык камсыздоо, тасмалар, компьютер оюндары, музыка, китептер сыяктуу контенттерге тиешелүү болот. Орусияда мыйзам долбоорунун 2017-жылы күчүнө кириши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG