Порошенко Орусия Укринаны жаман көрсөтүүгө аракет кылуу менен эл аралык санкцияларды алдырууда ийгиликке жетпей турганын белгиледи. Ал Орусиядан ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттарын камсыздоону күткөнүн кошумчалады.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча “норманд форматындагы” жолугушууну “маңызсыз” деп атаган. Ал мындай пикирин Крымда “диверсанттар” кармалды деген ФСБнын билдирүүсүнөн кийин айткан. Алар украин чалгындоо кызматкерлери экени кабарланган.
Орусия президенти кармалгандардын аракети, анын ичинде аннексияланган жарым аралдын аймагында теракт жасоого даярдык көрүү – өлкөдөгү ички көйгөйлөрдөн украин элинин көңүлүн алагды кылуу экенин айткан.