Ссылки доступа

Казакстанда бир катар аткаминерлер паракорчулукка айыпталып кармалды


Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Жумказиев коррупциялык схеманы уюштуруу боюнча айыпталууда. Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, кыңыр ишке коргоо, каржы министрликтеринин жогорку кызматтагы адамдары, бир катар компаниялардын жетекчилери да шектелүүдө.

Жумказиев дүйшөмбү күнү 20 миллион тенге пара алып жаткан учурда кармалган.

«Коргонуу мекемесинин конкурстук комиссиясынын төрөгасы болуп туруп, Т.Жумказиев айрым ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон. Мыйзамга каршы иштерин жашыруу үчүн коргоо жана каржы министрликтериндеги аткаминердердин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланган», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары кылмыш иштин алкагында коргоо жана коопсуздук министрлигинде жогорку кызматта иштеген беш адам, жеке компаниялардын төрт жетекчиси кармалды. Алардын ысымдары айтылган жок.

XS
SM
MD
LG