Ссылки доступа

Эки чек арадагы миңдеген "өзбек келиндеринин" азап тартуусу


Кыргызстандагы миңдеген өзбек келиндер өлкөдөн депортация болуп кетүү алдында. Бул аялдар Кыргызстан атуулдарына эбак эле турмушка чыкканы менен алигиче жарандык алыша элек.

Сайёра Назарбекова он жыл мурун кыргыз жигитке күйөөгө тийген, үч баласы бар. Алар Ошто жашайт. Сайёра эки айда бир жолу мекенине – Өзбекстанга барып турууга аргасыз. Себеби мыйзам боюнча өзбек жарандары Кыргызстанда 60 күнгө чейин гана визасыз жүрүүгө укуктуу. Бул жагдай үй-бүлөлүк жаңжалдарга да жол ачууда.

Мындай аялдарды Кыргызстанда “өзбек келиндери” деп атап коюшат. Адам укуктары боюнча борбордун жетекчиси Жамиля Гаффорованын айтымында, Сайёра сыяктуулар Кыргызстанда 10 миңдеп саналат. “Алар билим ала алышпайт, социалдык жана медициналык жеңилдиктери жок. Булар бийликтен эч кандай жардам берилбеген адамдардын катарына киришет", - деди укук коргоочу.

Кыргыз бийлиги жергиликтүү жарандар менен бүлө курган чет өлкөлүктөрдү өз өлкөсүнүн паспортунан баш тартууну талап кылбайт. Келиндер жеңилдетилген схема менен атуулдук алууну каалашканы менен Өзбекстан кош жарандуулук принцибин жактабайт.

Өзбек паспортун четке кагуунун дагы кесепеттери бар. Анын үстүнө мыйзамга ылайык, Өзбекстан жарандыгынан баш тартуу жөнүндөгү чечимге президент Ислам Каримов өзү кол коет. Бул маселени кароо болсо жылдар бою создугуп да кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG