Ссылки доступа

БУУ Алепподогу тынчтык режимин жумасына эки күнгө узартууну сунуштоодо


БУУ курчоого алынган калаага гуманитардык жүк жеткирүү үчүн Сириянын Алеппо шаарында согуштук аракеттерди күнүнө үч саатка токтотууну сунуштаган Орусияны сынга алды. Уюмдун гуманитардык маселелер боюнча баш катчысынын орун басары Стивен О'Брайен мындай кыска тыным калкка жардам берип келүү үчүн жетишсиз экенин айтты.

Ал бир жумада эки күн тынчтык режимин киргизүүгө үндөдү. О'Брайен бул гуманитардык жүктөрдү жеткирүүгө жана муктаждарга медициналык жардам берүүгө шарт түзөрүн баса белгиледи.

Буга чейин орус бийлиги курчоого алынган шаарга гуманитардык калонналарды өткөрүү үчүн ок атууну күнүнө үч сааттан токтотууга даяр экенин жарыялаган.

Июнда орусиялык авиациянын колдоосу менен өкмөттүк армия оппозициянын карамагындагы районго бара турчу жолду жапкан. Жүз миңдеген адам азык-түлүк ташып алуу мумкүнчүлүгүнөн ажыраган.

БУУ 9-августта Алепподогу кырдаал гуманитардык катастрофага жакындаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG