Ссылки доступа

Казакстанда WhatsApта терроризмге үндөгөн үч киши соттолду


Актөбө соту Шалкар шаарынын үч жашоочусун алты жарымдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты. Алар телекоммуникациялык түйүндөрдү пайдалануу менен террорчулукту пропагандалоо же террордук акты жасоого чакыруу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

36 жаштагы инженер-технолог Мейрамбек Турганбаевдин мүлкү мамлекеттин пайдасына өтүп, өзү алты жарым жылга соттолду. 38 жаштагы темир жол жумушчусу Толебай Мажитов менен 36 жаштагы убактылуу жумушсуз жүргөн Ергожа Амангожин да социалдык же диний кастыкты козутууга күнөөлүү деп табылышты. Сот алардын мүлкүн конфискация кылуу менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Соттолгондор WhatsApp аркылуу конференц-чат ачып, анда Казакстанда тыюу салынган сайттардын шилтемелери менен бөлүшүп келишкен. Тергөөнүн маалыматы боюнча алгач ал чатка 12 киши катышкан, бирок алардын «активдүү катышуучулары» болгон үчөөнө гана айып тагылган. Тергөө билдиргендей, Мажитов «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө да атайын баракча ачкан.

Соттолгондордун жактоочулары өкүмгө макул эмес экендигин билдиришип, ал боюнча даттана тургандыктарын кошумчалашты. Алардын пикирлеринде, соттолгон жарандар бийлик тарабынан теракт деп аталган Актөбөдөгү куралдуу кол салуунун фонунда узак мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылышты.

XS
SM
MD
LG