Ссылки доступа

Түркмөн ири шаарларынан каттоосуз жарандарды күч менен чыгарышууда


Түркмөнстанда азыркыга чейин каттоо институту бар. 3-августта Түркмөнбашы шаарында иштеп жүргөн Дашөгүз районунун 83 тургуну күч менен туруктуу каттоого алынган жерине депортацияланды. Бул тууралуу өлкөдөгү жергиликтүү ММКлары билдирди.

Аймактардагы жумушсуздуктун айынан адамдар Ашхабад же Түркмөнбашыга келип, иш табууга аракет кылышат. Бирок маал-маалы менен полиция аларды текшерип, артка кайтарат. Аны менен бирге эгер мыйзам бузуу кайталанса, администартивдик жоопкерчиликке тартыларын айтып опузалашат.

Бул сапар каттоосуз жарандарды иргөө операциясы алты күнгө созулду. Бул убакыт аралыгында кармалгандар полиция бөлүмдөрүндө отурушту.

Андан соң аларды полиция эки автобус менен Дашөгүз районуна алып келип таштады. Мындай катаал чаралар пахта терим бүткүчөктү уланары айтылууда.

Жыл башынан бери Түркмөнбашы шаарынан 378 киши туруктуу жашаган жерине жөнөтүлгөн. Мындан тышкары акыркы эки жумада Ашхабаддан полиция 600 кишини — негизинен Мары жана Лебап райондорунун жашоочуларын чыгарып салды. Бийликтин пикиринде, алар шаарда мыйзамсыз негизде жүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG