«Биз Крымды кошуп, Украинанын аймактык бүтүндүгү жана көз карандысыздыгын сыйлоо боюнча эч шектенүүсүз жана эч кандай талаш-тартышсыз күчтүү позицияны ырастап бергени үчүн Коопсуздук кеңешине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Албетте, бирок бир өлкө мындай көз карашты колдогон жок», - деди Ельченко.
«Эгер алардын Украина Крымга каршы теракт жасоо аракетин көргөн деген айыптоолору чын болсо анда далилдери, сүрөт-видеолору кана? Болгону курулай сөздөр гана айтылууда», - деп билдирди Ельченко. Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинанын өтүнүчү менен чакырылган жыйында Крымдагы чыңалуу маселесин жабык эшик артында караган.
Орусия менен Украинанын ортосундагы мамилелер күн мурун, ФСБ Крымда украин чалгындоо кызматкерлери делген «диверсанттар» кармалганын билдирген соң кескин курчуп кеткен. Анда эки орусиялык офицер каза болгону айтылган.
Орусия президенти Владимир Путин Украина бийлиги террорго өткөнүн билдирип, Донбасстагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелери боюнча «норманд форматында» жолугушуу өткөрүүнү «маанисиз» деп атаган.