Ссылки доступа

Тажикстанда мектеп формасына жаңы талаптар киргизилди (видео)


Тажикстанда мектеп кийимдеринин базары катуу көзөмөлгө алына баштады. Өкмөттүн токтому менен эми чет өлкөлөрдөн алынып келинген мектепте кийилчү кандай гана кийим болбосун «Тажикстандарт» агенттигинен уруксат алгандан кийин гана сатылат.

«Тажикстандарт» мектеп кийимдерин экспертизадан өткөрүүнүн максаты балдардын ден соолугуна зыяндуу болгон синтетикалык материалдардан тигилген кийимдерди сатуунун алдын алуу, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо экенин билдирди. Чечимге ылайык, эми мектепте кийилчү кийимдер тигилген материалдын курамы 60 пайыз пахта буласынан жана 30-35 пайыз синтетикадан турушу керек болот.

«Тажикстандарттын» чиновниктери быйыл жергиликтүү ишканалар кыйла сапаттуу формаларды чыгарганын билдиришүүдө.

Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Нуриддин Саидов билдиргендей, тигүү ишканаларына бир миллиондон ашык мектеп кийимин даярдоо сунушу түшкөн​.

Какой быть школьной одежде - импортной или отечественной?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00
XS
SM
MD
LG