9-августта Жизак шаарындагы «Алмазар» маалесинде чуңкур казып жаткан эки жумушчуну топурак басып калып, экөө тең ошол жерде мерт кеткен. Куткаруучулар 5 метр тереңдиктеги ордон эки кишинин жансыз денесин алып чыгышкан.
Окуяга күбө болгондор «Азаттыктын» өзбек кызматына жалданган адамдар техникалык коопсуздук эрежелери тууралуу эч нерсе билбеген «Файз» коммуналдык курулуш ишканасынын тажрыйбасыз жумушчулары болушканын билдиришти.
– Чуңкурду эч кандай техникалык коопсуздук чараларын сактабастан казышкан. Жыйынтыгында анын капталдары урап, эки жумушчуну топурак басып калган, – деди Жизактын жашоочуларынын бири.
Учурда Жизактын Ички иштер башкармалыгы эки жумушчунун өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.