Ссылки доступа

Мектептерде дин маданиятынын тарыхы окутулат


Дин маданиятынын тарыхы быйылкы жаңы окуу жылында Бишкектеги жана Оштогу он мектепте 9-класстын окуучуларына окутула баштайт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттен маалымдашкандай, бул Коргоо кеңешинин чечимине ылайык ишке ашырылууда. Сабак берүүчү мугалимдер 16-18-август күндөрү Осло шаарында атайын окуудан өткөрүлөт.

Маалыматта айтылгандай, дин маданиятынын тарыхын окутуу мезгил талабы болууда. Ал жаштарды түрдүү радикал диний агымдардын таасиринен коргоого жардам бермекчи.

XS
SM
MD
LG