Ссылки доступа

Каражаттын тартыштыгынан Паралимпиада оюндарынын түрлөрү кыскарышы мүмкүн


Бразилия өкмөтү Риодогу оюндарды өткөрүүгө 250 миллион реал (80 миллион долларга жакын) жетпей жатканын расмий түрдө билдирди. Мындан тышкары билеттердин өтүмдүүлүгү да начар болууда. Демөөрчүлөргө кайрылышканы менен азырынча жыйынтык жок.

Wall Street Journal жазгандай, Риодо 7-18-сентябрда өтө турган Паралимпиада оюндарынын программасы каражаттын тартыштыгынан кыскарууга дуушар болушу ыктымал. Бирок спорттун кайсы түрлөрү марадан четтетилери белгисиз.

Эл аралык паралимпиадалык комитеттин басма сөз катчысы Крейг Спенстин айтымында, оюнду уюштуруучулар зарыл болгон 7,4 миллиард реалды ($2,3 млрд) чогулта алган жок. Бул каражатка Олимпиаданын ачылуу жана жабылуу аземдери, протоколдук иш-чаралар гана эмес, спортчулардын Риодогу жашоо чыгымдары да төлөнөт.

Мындан тышкары уюштуруу комитети Риого паралимпиадалык командаларын алып келүү үчүн өлкөлөргө каражатты убагында которгон жок. Бул чыгымдар кийинчерээк төлөнөт деген үмүттө өз эсебинен спортчуларды Бразилияга жөнөткөн чакан мамлекеттер үчүн көйгөй жаратышы мүмкүн.

Буга байланыштуу уюштуруучулар Паралимпиада мелдештерин жана катышуучулардын санын кыскартуунун аргасын издөөдө. Паралимпиадага 176 өлкөнүн 4 миңден ашуун спортчулары катышмак.

XS
SM
MD
LG