Ссылки доступа

Путин менен Назарбаев Сочиде жолугат


16-августта Сочи шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Казакстан президентинин администрациясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө жазылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер талкууланат, деп жазылган Назарбаевдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Кремль өлкө башчылары эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле «евразиялык мейкиндикте өз ара интеграциялык кызматташууну илгерилетүү» маселелерин талкуулай турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG