Ссылки доступа

Түркиянын түштүгүндөгү жардыруудан алты адам курман болду


Расмий маалыматка караганда, бомбаланган унаа бүгүн өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Диярбакыр провинциясында, полиция бекетинин сыртында жарылган. Жардыруудан мерт болгондордун төртөө полиция кызматкери, экөө жай тургундар.

Расмий өкүлдөр жардыруу үчүн күрт согушкерлерин айыптаганы менен азырынча бул кол салууга эч ким жоопкерчилик ала элек.

Эл аралык Кризис тобу деген уюмдун эсебинде, Түркияда өкмөт менен тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу былтыр июлда кыйрагандан бери атышуулар менен жардыруулардан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин, жайкын тургундарды, күрт согушкерлерин кошкондо 1850дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Былтыр жайдан бери түрк коопсуздук күчтөрү өлкөнүн күрттөр жашаган түштүк-чыгыш райондорунда коопсуздук операцияларын такай жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG