Ссылки доступа

Өзбекстанда «Ахмадбайдын пирамидасынын көчүрмөлөрүн» издеп жатышат


Ташкент облусунун Элдик депутаттар кеңешинин кезексиз жыйынында Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзияев «Ахмадбайдын пирамидасынын» облуста дагы деле ишмердүүлүгүн улантып жаткан көчүрмөлөрүн жоюу керектигин билдирди.

Аны менен катар министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү ишкердин каржы пирамидасын «калкалаган» «Жаңыжол районунун мурдагы акими менен райондук милициянын башчысын жоопко тартуу» маселесин көтөрдү. Аталган адамдарга карата «атайын текшерүү иштери» башталганы белгилүү болду.

Булак билдиргендей, ошондой эле Зангиатинск районунда катталган «Merkury leasing group» фирмасы да текшерилүүдө.

Андан сырткары Ташкент облустук администрациясына жакын булактар чоңдугу жагынан «Ахмадбайдын» пирамидасынан кийинки орунда турган «Тухтасинбай» деген дагы бир каржы пирамидасына карата текшерүүлөр башталганын билдиришти. Ошентип, калк менен өз ара материалдык мамилелерге ээ жеке фирмалардын көбү өлкөдө катуу көзөмөлгө алынууда.

XS
SM
MD
LG