Ссылки доступа

Куляб зоопаркына алгачкы жаныбарлар жеткирилди (видео)


Первый зоопарк в Кулябе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Темир капастар менен тосмолорду орнотуу иштери аяктагандан кийин Куляб зоопаркы сентябрда ачылышы мүмкүн.

Кулябда 1,5 гектар аянтка курулуп жаткан зоопаркка алгачкы чөп жечү жаныбарлар менен канаттуулар жеткирилди. Алардын арасында коёндор, өрдөктөр, павлиндер сыяктуу бир катар жандыктардын түрү бар.

Куляб шаарынын өкүлү Хайрулло Амонулло зоопарктын курулушун баштаардын алдында алар Дүйшөмбүдөгү зообакчанын тажрыйбасын карап, андан соң интернет аркылуу Орусиянын аймактарындагы ал сыяктуу жайлар менен таанышкандыктарын айтты.

«Азырынча жаныбардын 21 түрүн топтоого мүмкүн болду, анын 8и канаттуу жана калгандары чөп жечү айбандар. Жаныбарлардын бул түрүн багуу оңоюраак. Зоопарк бир канча баскыч менен түзүлөт жана планга ылайык, 2017-жылы кыйла сейрек кездешүүчү жана ири жаныбарлар алынат», — деди ал.

Кулябдык ишкерлер зоопарктын жаңы жандыктар менен толукталышына салым кошушарын жана шаар балдарынын кубанычы үчүн ири жаныбарларды, анын ичинде аюуларды да алып келе тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG