Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына Донецк облусунун прокуратурасынын басма сөз катчысы Татьяна Павленко билдирди.
– Сурак учурунда маалымдалгандай, Ташкентте туулуп, Орусиянын Калуга шаарында каттоодо турган өзбек жараны өз ыктыяры менен "ДНР" терррордук тобуна 2014-жылы кошулган. 20 жаштагы жоокер 2015-жылга чейин “ДНР” терррордук уюмунун Коргоо министрлигинин мотоаткычтар бөлүгүнүн 9-батальонунун 1-курамында кызмат өтөгөн. Ал Украина куралдуу күчтөрүнө каршы ок чыгарган, – деди Татьяна Павленко.
Украина Коопсуздук кызматы жарыялаган видеороликте кармалган жаран өзүн Брыкин Александр Витальевич деп тааныштырган. Ал 1996-жылы 8-августта Өзбекстанда туулган. Видеокайрылууда “ДНРдин” мурдагы өкүлү куралчан топторду Антитеррордук операцияга каршылык көрсөтпөй, багынып берүүгө үндөдү. Мындан тышкары Брыкин 13-августа жикчилдерден качып чыкканы, Мариуполь шаарына келгенде украин атайын кызматтары тарабынан кармалганы белгилүү болду. Учурда ал кылмыш жасоого шектелип, камакка алынды.