Ссылки доступа

Актөбөнүн жашоочусу «Орусияда теракт жасоо чакырыгы үчүн» соттолууда


Актөбө шаарынын соту «Орусияда террордук актыларды жасоого чакырган» адамдын ишин кароодо.

Шейшемби күнү кечинде Актөбө шаардык сотунун басма сөз кызматы Абдраев А. Х. «Терроризмге үгүттөө же терроризм актысын ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирди.

Тергөөнүн материалдары боюнча Актөбөнүн жашоочусу Абдраев ушул жылдын мартында өзүнүн эки таанышынын «көз карашына таасир этүү» максатында Орусиянын Сириядагы террорчулукка каршы операциялары боюнча нааразычылыгын айтып, Орусиянын аймагында террордук актыларды жасоого чакырган».

Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр уланууда. Эгер Абдраев күнөөлүү деп табылса ал беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG