Ссылки доступа

Түркмөнстан Ооганстанга темир жол курууда


Курулуп жаткан Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолу аймактагы өлкөлөрдүн соода байланыштарын стимулдаштырууга багытталган, деп жазылган түркмөн өкмөтүнүн билдирүүсүндө. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Долбоордун биринчи баскычында темир жолдун эки өлкөнүн аймагындагы бөлүгүн куруу каралган. Алар Түркмөнстандын аймагындагы 85 чакырымга созулган Атамырат-Имамназар жана андан Ооганстан аймагындагы Андхой калктуу конушуна чейинки бөлүгү.

"Учурда темир жол Имамназар станциясына чейин жеткирилди. Аны менен катар эле Гулистан жана Имамназар станцияларына электр зымдарын тартуу, инфраструктуралык имараттарды жана жолдун бөлүктөрүндө ири темир жол көпүрөлөрүн куруу иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылган билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө калий жер семирткичин өндүрүү боюнча комплекс курулуп жатканын эске алганда темир жолдун ал бөлүгү чоң мааниге ээ.

"Ооганстанда бир канча биргелешкен инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы ооган экономикасынын өнүгүүсүнө чоң түрткү берет, маанилүү социалдык маселелердин чечилишине жана калктын жумуш менен камсыз болуусуна жардам болот",- деп жазышты маалымат каражаттары.

XS
SM
MD
LG