Ссылки доступа

Сариев Конституцияны өзгөртүү долбоору боюнча кеңешме орган түзүүгө чакырды


Экс-премьер-министр Конституцияга кире турган өзгөртүүлөрдү талдап чыга турган атайын орган түзүүгө чакырды. Бул тууралуу Темир Сариевдин Жогорку Кеңештин фракция башчыларына жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Ал азыркы Конституция кабыл алынган кыйын кезеңди эстөөгө чакырган. Сариев ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча учурда коомчулуктун талкуусуна берилген бир айлык убакыт өтө аз экенин белгилеген.

“Бул убакытта киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү талкуулап, сүйлөмдөргө экспертиза жүргүзүп, аларды киргизүү зарылдыгын же жоктугун аныктоо мүмкүн эмес. Экинчиден, бул жалпы элдик талкуу болгон соң элдин сунуштарын чогултуу процесси да бар. Эгер муну партиялар жүргүзө турган болсо, анын канчалык мыйзамдуу экендиги белгисиз” деп айтылат билдирүүдө.

Темир Сариевдин пикиринде, Конституциялык кеңешме сыяктуу структура түзүп, ага бийлик гана эмес, оппозициянын өкүлдөрүн, укуктук эксперттерди киргизүү керек. Ошондо гана талкуу жалпы элдик деп эсептелип, жаңы Баш мыйзамдын сапаты бийик деңгээлде болорун кошумчалаган.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү”, "Бир бол" фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум күзүндө өтөрү болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG