Ссылки доступа

Amnesty International: Сирия түрмөлөрүндө күндө 10 адам өлөт


Укук коргоочулар эл аралык коомчулукту Сирия түрмөлөрүндөгү кыйноолорду токтотуу үчүн Дамаскка кысым көрсөтүүгө чакырууда.

Түрмөдөгүлөргө катаал мамиле жасап, кыйноолорду көрсөтүү адамзатка каршы кылмыш кылуу чегине жетти. Мындай билдирүү Amnesty International жарыялаган баяндамада айтылат. Укук коргоочулардын эсебинде, беш жыл мурун Сирияда башталган жарандык согуштан бери абактарда 18 миңдей адам өлдү. Бул бир күндө орточо 10 адам курман болууда дегенди билдирет.

Жаңы баяндамада мурдагы 65 туткундун көрсөтмөлөрү камтылган. Алар миңдеген адам башынан кечирген түрмөдөгү кордукту баяндап беришкен. Камактагы эркектер темир тор артында катуу сабалат, ал эми аялдар сексуалдык зомбулукка кабылат деп айтылат документте.

Сирия бийлиги каршылаштарын сындыруу үчүн ондогон жылдардан бери кыйноолорду колдонуп келген. Баяндама авторлору белгилегендей, учурда өкмөткө каршы чыккан ар бир жай тургунга азап көрсөтүү кеңири колдонулган тажрыйба болуп калды.

Укук коргоочулар эл аралык коомчулукка (анын ичинде, Орусия жана АКШга) кайрылып, кыйноолорду, зордуктоолорду токтотуу үчүн Дамаскка кысым көрсөтүүгө чакырды. Amnesty International саясий туткундарды бошотууга, мындан тышкары көз карандысыз байкоочулардын сириялык түрмөлөргө кирүүсүнө уруксат берүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG