Ссылки доступа

Сагадиев: казак-түрк лицейлери ишин улантат


Казак-түрк лицейлери ишин улантат. Бул тууралуу Казакстандын Билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев кечээ Астанада өткөн август кеңешмеси маалында билдирди.

«Казакстан президентинин тапшырмасы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу түзүлдү. Биз түрк тарап менен карым-катнашта иштейбиз, бирок ал окуу процессине тийиштүү болбойт. Алар [түрк лицейлери] Казакстандын стандарттарына ылайык иштеп жаткан казакстандык мектептер. Биз аларды бир канча жолу текшергенбиз. Аларга карата эч кандай доомат жок. Лицейлер мурда кандай иштеп келген болсо, ошондой эле иштей беришет», — деди Сагадиев.

5-августта Анкарага болгон расмий сапары маалында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эгер казак-түрк лицейлеринде иштегендердин түрк диний ишмери Фетуллах Гүлен менен «террордук байланышы» бардыгы аныкталса, анда өлкө аларды Түркияга өткөрүп бере турганын билдирген.

Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Казакстанда «Гүленге байланышы бар» 33 мектеп иштеп жатканын билдирип, Астананы аларга карата чараларды көрүүгө чакырган.

Казакстанда иштеп жаткан 29 казак-түрк лицейи, «Нур Орда» жеке мектептери, эки колледж, ошондой эле Алматыдагы Сулейман Демирель атындагы университет билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин алкагында түзүлгөн KATEV эл аралык фонду тарабынан каржыланат.

XS
SM
MD
LG