Ссылки доступа

Түркиянын полиция бөлүмдөрүнүн алдында жардыруу болуп, алты киши каза тапты


Бейшемби күнү эртең менен Түркиянын Элязыг шаарындагы полиция бөлүмдөрүнүн алдында бомба салынган автоунаалар жардырылып, андан үч киши каза таап, элүүдөн кем эмеси жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирүүдө.

Андан бир канча саат мурда ушундай эле кол салуу өлкөнүн Ван провинциясындагы полиция бөлүмүнө жасалып, ал үч адамдын өмүрүн алып кетип, жетимишке жакыны түрдүү жаракаттарды алышкан, деп жазды Anadolou агенттиги полиция өкүлүнө шилтеме кылып.

Ван провинциясынын губернатору кол салууга Күрт жумушчу партиясынын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Чабуулдарга расмий түрдө бир дагы террорчул топ жоопкерчилик алган жок.

Дүйшөмбү күнү Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Дьярбакыр шаарындагы полиция бекетине кол салуудан сегиз киши каза болуп, ондогону жаракаттарды алышкан. Өткөн жылдын июлунан бери аталган провинцияда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу күрт топторунун ортосунда кагылышуулары көп болууда.

XS
SM
MD
LG