Жергиликтүү коомдук байкоочу комиссиянын маалыматы боюнча, шаардагы депортациялык борбордо жүздөгөн кишилер кезегин күтүп жатат, алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Украина жана Кытайдын жарандары бар.
Байкоочу комиссиянын төрагасынын орун басары Александр Смышляев борбордон жамааттык даттануу келип түшкөнүн, ага жүзгө жакын адам кол койгонун билдирди. Айтымында, ачкачылык жарыялоо акциясына 20 киши катышкан, бирок комиссия өкүлдөрү борборго баргандан кийин ал аягына чыккан.
«Марттан бери депортацияланышын күтүп жаткан адамдар бар. Алардын айтымдарында, акыркы үч айдын ичинде эч ким үйүнө кеткен эмес», — деди Смышляев.
Ал борбор адамдарга ашыкча толгонун жана алар андагы шарттарга даттанышканын кошумчалады. Борбордо төшөнчү, шейшеп, дары-дармек, жетишпейт, кызматкерлердин аздыгынан улам алар сейилдөөгө чыгарылбайт, деди Смышляев. Анын айтымында, депортация борборунда 65 киши болушу керек болсо, учурда анда кеминде 107 киши кармалып турат. Алардын төртөөсү аялдар.