Анын билдиришинче, АКШ Коргоо министрлиги америкалык аскерлердин жайгашкан жери туурасында орус тарапты маалымдар кылды. Орусия бул кабарды сириялык аскерлерге берди.
Буга чейин Сириянын президенти Башар Асаддын аскерлери күрттөр көзөмөлдөгөн Хасаке шаарына авиасокку урган. Экстремист исламчылдарга каршы күрөштө күрттөр менен кызматташкан америкалык инструкторлор да бул чабуулга кабылган.