Ссылки доступа

Рио-де Жанейродо Oлимп оюндары жыйынтыкталды


Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах XXXI жайкы Олимп оюндарын жабык деп жарыялады. Бразилиянын Олимп оюндары комитетинин президенти Карлос Нузман “өз өлкөсү, шаары жана эли менен сыймыктанарын” билдирди.

207 өлкөнүн спортчулары катышкан парад фейерверк менен жыйынтыкталды. “Маракана” стадионунда Рио-де Жанейронун мэри Олимп эстафетасын Токио шаарынын мэрине тапшырды. Келерки Олимпиада оюндары Жапонияда өтөт.

Иш-чаранын соңунда салтанаттуу түрдө Олимп оту өчүрүлүп, андан соң карнавал башталды.

Америкалыктар мелдеште биринчиликти камсыздашты. АКШ курамасы жалпысынан 121 медаль алса, анын ичинен 46сы алтын болду. Бешөөнү суучул Майкл Фелпс жеңип алды. Экинчи орунду 27 алтын, 23 күмүш жана 17 коло медаль менен Улуу Британия камсыздады. Кытай 26 алтын, 18 күмүш жана 26 коло медаль тагынып, үчүнчү байгени илип кетти. Орусия курамасы расмий эмес эсепте 56 медалы менен төртүнчү орунга чыкты (19 алтын, 18 күмүш жана 19 коло).

Кыргызстандан Рио Олимпине 19 спортчу катышты. Допингге шектелип, кайра алынган коло медалды эсептебегенде, кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга жетише алган жок.

XS
SM
MD
LG