Ссылки доступа

Казакстан Коргоо министрлигинде жемкорлук боюнча жаңы иш ачылды


Казакстан Коргоо министрлигиндеги жемкорлук боюнча жаңы иштин он айыпталуучусу камакка алынды. Мындай окуя мекемеде Коргоо министрлигин 2014-жылдын күзүндө Имангалы Тасмагамбетов жетектегенден бери боло элек болчу.

«Коргоо министрлигиндеги жемкорлук боюнча жаңы иште» айыпталуучу катары он киши өтүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына Астана шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети (УКК) 8-августта мекеме кызматкерлери тарабынан пара катары 20 миллион теңге (59 миң доллар) алып жаткан Коргоо министрлигинин материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы, куралдуу күчтөрдүн подполковниги Тулемис Жумказиевдин кармалганын маалымдаган.

Иш боюнча айыпталып жаткандардын сегизине, анын ичинде министрликтин шектүү подполковниги Тулемис Жумагазиевге карата райондук сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Болжолдуу түрдө алар УККнын Астанадагы тергөө абагында кармалышат. Дагы эки айыпталуучу ошол эле мөөнөткө үй камагына алынды. Иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткандардын арасында Коргоо министрлигинин кызматкерлеринен сырткары Каржы министрлигинин, ошондой эле коммерциялык түзүмдөрдүн өкүлдөрү да бар.

«Учурда Куралдуу күчтөрдүн керектөөлөрү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти Коргоо министрлигинен.

УКК буга чейин кылмыш иштин алкагында ири суммадагы теңге жана чет өлкөлүк валюта алынганын жазган. Мекеме бюджеттик каражатты уурдап жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү буулганын белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG