Ссылки доступа

АКШ жана Түштүк Корея аскердик машыгууларын баштады


Кошмо Штаттар менен Түштүк Корея 22-августта жыл сайын өтүүчү аскердик машыгууларын баштады. Бул сапар Ulchi Freedom Guardian (UFG) окуусуна 25 миң америкалык жана 50 миң түштүк кореялык аскер кызматкери катышууда. Машыгуу 2-сентябрга чейин болот.

Корея республикасынын президенти Пак Кын Хе “Түндүк Кореядагы режим жараңка пайда кылып жатат жана ал жакта баш аламандык болушу мүмкүн” деп билдирди. Ал тополоңдун алдын алуу үчүн Пхеньян Түштүк Корея коомчулугуна ар кыл чагымдар, анын ичинде кибер чабуулдар менен дүрбөлөң салуусу мүмкүн экенин кошумчалаган.

Түндүк Кореянын аскерлери эгер Сеул жана Вашингтон кандайдыр бир агрессия көрсөтсө, алардан озунуп ядролук курал колдонорун айтып опузалаган. Пхеньян мындай коркутууларды тез-тез жасап турат.

Аскердик машыгуулардан бир нече күн мурун Сеул Түндүк Кореянын Лондондогу элчилигинде иштеген жогорку кызматтагы дипломаты Түштүк Кореяга качып барганын кабарлаган. Дезертир Пхеньяндан көңүлү калганын айткан. Түндүк Кореянын мамлекеттик ММКлары дипломатты “жүзү кара жана кылмышкер” деп атаган.

Түндүк Корея январда төртүнчү жолу ядролук сыноосун өткөрүп, февралда алыска учуучу ракетасын кое берген. Буга каршы БУУ санкцияларын катаалдаштырган. Ага Пхеньян жаңы баллистикалык ракеталарды кое берүү менен жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG